Аламүдүн районуна жаңы аким келди

Анаркуловду районго мамлекеттик администрациянын башчысы — аким кылып дайындоо боюнча жарлыкка президент кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бактибек Анаркулов Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Райондун мурдагы жетекчиси Таалайбек Жайылов үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде көз жумган.