Гамалея институту: "Спутник V" башка бардык вакциналар менен айкалышат

Институттун директору салыштырып көрүүдө адамга кыйыр таасири болсо жоопкерчилик албай турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиялык "Спутник V" COVID-19га каршы башка вакциналардын баары менен айкалышат. Бул туурасында Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Россия-еврей конгресси тарабынан уюштурулган жолугушууда сүйлөгөн.

"Спутник V" бүгүнкү күндө апробациядан өтүп, кеңири колдонулуп жаткан бардык вакциналар: Moderna, Pfizer жана Astrazenecа менен айкалышат", — деп айткан Гинцбург.

Ошондой эле ал "Спутник V" вакцинасы менен башкаларды салыштырып көрүүдө адамга кыйыр таасири болсо Гамалея институту, Россия жана Александр Гинцбург жоопкерчилик албай турганын белгилеген.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, "Спутник V" препаратынын "дельта" штаммына каршы эффективдүүлүгү 83,1 пайызды түзгөн.