Ошто Кичи жана Улуу Памирдин этникалык кыргыздары үчүн шаарча курулат. Сүрөт

Шаарчага Кашка-Суу айылында 30 гектар жер жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди куруу үчүн трансформацияланган. Бүгүн президент ал жерде башталган курулушка капсула салды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирдин этникалык кыргыздары үчүн шаарча курулат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 26-сентябрда, президент Садыр Жапаров курулушка капсула салды.

Буга чейин Жапаров Памирде калган афгандык кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.

"Кашка-Суу айылында 30 гектар жер менчик турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган. Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, ооруканалардын салынышы пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу "Ассанабиль" кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Мадина шаарчасы. Чек арада көз жумгандардын үй-бүлөсүнө үйлөр тапшырылды
Мамлекет башчы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып афгандык кыргыздарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында тарыхый мекенине көчүрүп келүү керектигин айтты.

Маалыматка караганда, шаарча 300-400 үйгө ылайыкталган.

Ал эми жергиликтүү эл президенттин Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын туура деп эсептеше турганын айтты.