Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

Туйгунаалы Абдраимов УКМКга жооп кайтарып, кантип байыганын айтып берди
"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.