БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Фотограф Геннадий Закиров Бишкектин түштүк жагындагы Ак-Сай мөңгүсүн дрон менен тартып келди.
Роликти өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
"Дарыялар чыккан жер. Ала-Арча жаратылыш паркынын Ак-Сай капчыгайындагы мөңгүлөр", — деп жазган Закиров.
Анын айтымында, Ак-Сай мөңгүсү Бишкектен 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.