Араванда 9 жылдан бери курулуп жаткан оорукана ачылды. Сүрөт

Ооруканада физиотерапия, диагностика, лабораториялык бөлүмдөр, морг жана Тез жардам кызматынын станциясы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл аймагында жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, оорукананын курулуш иши 2012-жылы башталып, быйыл эксплуатацияга берилди. Ага бюджеттен акча жумшалган.

"Долбоор боюнча стационар 50 койкага ылайыкталган. Структурасында физиотерапия, диагностика, лабораториялык бөлүмдөр, морг жана Тез жардам кызматынын станциясы бар", — деп айтылат маалыматта.

Оорукананын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышкан.