Жекшембиге карата аба ырайы

26-сентябрга караган түнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жекшемби, 26-сентябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Талас аймагында +24...+29, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +28...+30, ал эми Ошто +32...+34 градусту көрсөтөт.