ШКУ өлкөлөрүнүн жогорку сотунун башчылары онлайн-кеңешме өткөрдү

Кыргызстандын башкы фемидасынын жетекчиси кесиптештер менен болгон кеңешмелер мындан аркы кызматташуу үчүн жакшы шарттарды түзөрүнө ишенерин билдирет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун башчыларынын онлайн жолугушуусу өттү. Ага КРдин Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова модераторлук кылды.

Ал белгилегендей, иш-чара ШКУнун уюшулганынын 20 жылдык юбилейинин тушунда өткөрүлүүдө.

"Акыркы жыйырма жылдын ичинде ШКУ институционалдык түзүлүштөн тарта ШКУга мүчө мамлекеттердин алакаларынын жаңы деңгээлге жетүү үчүн узак жолду басып өттү. Кезектеги жолугушуу мындан аркы кызматташуу үчүн жагымдуу негизди түзөт. Жыйынга катышкан ар бир тараптын жеке катышуусу жана салымы болбосо, бул жолугушуунун алкагында туруктуу мамилелерди түзүү мүмкүн эмес экени айдан ачык", — деген ал.

Жогорку соттордун төрагалары арбитраждык соттордун чечимдерин аткаруу жаатындагы мыкты улуттук тажрыйбалар, ШКУга мүчө мамлекеттердин жазык жана жазык процессуалдык мыйзамдарын гумандаштыруу, ювеналдык юстиция боюнча илимий, теориялык жана прикладдык маалыматтар менен алмашууга макул болушту.

ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме
Алар ошондой эле дүйнөлүк санариптештирүү тенденцияларына жооп бере турган соттордун ишмердүүлүгүнө маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга макулдашкан.

Катышуучулар сот органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы өз ара аракеттин маанилүүлүгүн белгилешти. Жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун төрагалары тарабынан биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Кийинки жолугушуу 2022-жылы Тажикстандын төрагалыгы астында өтөт.