165 млн. бөлүнгөн. Марипов Төө-Ашуудагы жолдун оңдолуп жатканын көрдү. Сүрөт

Учурда жол тилкесине асфальт менен бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жакшы болсо, курулуш иштери октябрдын башында аяктамакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек — Ош унаа жолунун тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды", — деп жазылган маалыматта.

Ал автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарыл экенин белгилеген.

Учурда Төө-Ашуудагы жолдун тилкесине асфальт менен бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жакшы болсо, курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктай турганы айтылат. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган.