Салык кызматынын төртүнчү группадагы автоунаа салыгын төлөбөгөн айдоочулардын машинасы кайра каттоодон өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Бакытбек Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери 20 миңдей жаңы автоунаа каттоого алынган.
"Автоунааларды кайра каттатуу өнөктүгүнүн алкагында автомашинасынын номерин алмаштырбай кайра каттоодон өткөргөн айдоочулар 500 сом төлөйт. Ал эми номерин алмаштырууну кааласа 1 400 сом болот. Улуттук кампания учурунда 0,3 пайыздык чогултма төлөмү алынбайт. Учурда төрт айдын ичинде болжол менен 50 миңдей автоунаа кайра каттоодон өттү. Ал эми жыл башынан бери 20 миңдей жаңы автоунаа каттоого алынды. Мындай машиналар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргызстандын чек арасына өткөрүлгөндө салык кызматынын постунан товарга декларация алышы керек. Андан тышкары, 10 күндүн ичинде сөзсүз бизге катталышы зарыл. Мындай талап Прибалтика, Грузия, Корея өңдүү чет мамлекеттерден келген автоунааларга да тиешелүү. Жарандар бул талапты аткарбай 20-30 күндөп жүрүп алып жатышат. Айып пул көйгөйү жана башка автоунаага байланыштуу маселелерге кептелбеш үчүн айдоочуларды аталган акциядан пайдаланып өз атына каттатып алууга чакырам. Унааны каттоодо коррупциялык көрүнүштөрдү байкаган учурда жарандар Санариптик өнүктүрүү министрлигине же "Унаа" мамлекеттик ишканасына кайрылса болот. Ошондой эле 119 номерине чалыңыздар", — деди Шералиев.
Адис үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда башталган автоунааларды кайра каттатуу өнөктүгү 31-декабрга чейин уланарын кошумчалады.