COVID: 79 киши ооруп, эки киши көз жумду. 25-сентябрдын маалыматы

Бир сутка ичинде дагы эки киши көз жумду. Оору Бишкек шаарында көп катталды. Эки облус менен бир шаарда илдетке чалдыккандар болгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 79 учуру катталып, 107 киши оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Нарын, Баткен облустарында жана Ош шаарында оору катталган жок.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 41;
  • Ош шаары — 0;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 0;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 0.

Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 178 202ге жетип, анын ичинен 172 764 киши дартты жеңген.

Бир суткада эки киши көз жумду. Каза болгондор COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталды. Аларды кошкондо Кыргызстан боюнча коронавирус башталгандан бери көзү өткөндөрдүн саны 2 599га жетти.

Стационарда 508, амбулатордук түрдө 853 адам дарыланып жатат.