Кыйкырып жиберди... IIHF уюмуна вице-президент болгон Оморовдун реакциясы видеодо

Кыргызстандык спортчу эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Интернет айдыңына Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания (ИИХФ) боюнча вице-президенти болуп шайланган Айваз Оморкановдун шайлоо жыйынтыгына кубанып кыйкырып жиберген видеосу тарады.

Шайлоо бүгүн, 25-сентябрда, Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Спорттук порталдардын жазганына караганда, жеңишине кубанган Оморканов кыйкырып жиберип уюмдун мурдагы жетекчиси Рене Фазелди чочутту.