Аралда дагы координатору бар. "Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылы эмне иш кылат

Аталган кыймылдын "Эскерүү багы", "Эскерүү шамы", "Жеңиш каты" аталышындагы ири акциялары бар, ошондой эле "Өлбөс полк" акциясын уюштурууга жардамдашат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. "Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылынын өкүлдөрү 50 өлкөдө, анын ичинде Түндүк Америка, Панама жана Маврикий аралында бар. Бул тууралуу кыймылдын координатору Анастасия Шевченко Бишкекте жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештер уюштурган аймактык жаштар конференциясында билдирди.

Ал "Фашисттик Германиянын СССРге сол салышына 80 жыл. Постсоветтик мейкиндикте жаштарга жарандык жана патриоттук тарбия берүүнүн тажрыйбасы жана актуалдуу милдеттери" аталышындагы сессияда сүйлөдү.

"Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылы тууралуу айта кетсем, бул — жакында эле түзүлгөн, күчтүү жана тарыхты жаңы форматта сактоону көздөгөн кыймыл. 50 мамлекетти бириктирген маанилүү жана эл аралык долбоорлордун бири. 2019-жылы тарыхты сактоо үчүн 50 мамлекеттин "Жеңиш ыктыярчылары" башын бириктиришкен. Жадагалса Маврикий аралында, Панамада координаторлору бар, жакында Түндүк Америка менен Мексикада да иштеп баштады", — деди Шевченко.

Ал кошумчалагандай, кыймылдын "Эскерүү багы", "Эскерүү шамы", "Жеңиш каты" аталышындагы ири акциялары бар, ошондой эле "Өлбөс полк" акциясын уюштурууга жардамдашышат.