Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков тууралуу эмне белгилүү

1972-жылы туулган Самат Исабековдун эки жогорку билими бар. Аталган кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган.
Sputnik

Самат Исабеков 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетти "Укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2009-жылы ТИМдин Дипломатиялык академиясынан "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган.

Бажы органдарында контрабандага, баңги бизнесине жана бажы эрежесинин бузулушуна каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн. Мындан тышкары, болжолдуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышына жооп берген бөлүмдөрдү жетектеген.

2021-жылдын июнь айында Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.