РФтин Мамлекеттик Думасына канча партия өтөт. БШК жыйынтык чыгарды

Шайлоо 17-19-сентябрь күндөрү болду. Россиянын парламентине беш саясий партия өттү. БШК бүгүн анын жыйынтыгын расмий жарыялады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Единая Россия" партиясы 324 мандатка ээ болду, КПРФ — 57, "Справедливая Россия — за правду" — 27, ЛДПР — 21, ал эми "Новые люди" — 13 мандат алды.

"Родина", "Партия роста" жана "Гражданская платформа" партияларына РФ парламентинен бирден орун тийди.

Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды
Ошондой эле бир мандаттуу округдар боюнча өзүн-өзү көрсөткөн беш талапкер төмөнкү палатага өтүштү. Алардын ичинен үчөө Москвадан, ал эми калган экөө Адыгей менен Крымдан экени айтылды.

Боршайком шайлоону өттү деп тааныды. Памфилова БШК бул шайлоонун таза өтүшү үчүн зарыл болгон аракеттердин баарын жасаганын, ал эми иштин жыйынтыгын шайлоочулар баалашы керектигин белгиледи.

Мамлекеттик Думага шайлоо, аны менен кошо аймактык жана муниципалдык шайлоолор 17-18-19-сентябрь күндөрү өттү. Анда Москвада, Курскиде, Нижегород, Ярославль, Мурманск жана Ростов облустарында, ошондой эле Севастополдо аралыктан добуш берүү уюштурулду.