Россияда айдоочулар 1-октябрдан тарта жаңы эреже менен техкөзөмөлдөн өтөт

ЖМКнын маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-мартынан тарта бул эрежени бузгандарга салынган айыпты эки миң рублге көбөйтүү пландалып жатат. Бирок техникалык көзөмөл жоюлуп кетиши мүмкүн болгондуктан пландын ишке ашышы күмөн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын унааларды камсыздандыруу бирикмесинин өкүлдөрү 1-октябрдан тарта кайсы категориядагы айдоочулар жаңы эреже менен техникалык көзөмөлдөн өтүшү керектигин айтып беришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Тизмеге кирген категориялар:

  • Автоунаанын диагностикалык картасынын мөөнөтү 2021-жылдын 1-февралына чейин бүткөндөр;
  • Автоунаанын чыкканына төрт жыл болсо, транспорт ээси биринчи диагностикалык картасын каттатуусу керек;
  • Юридикалык жактарга же коммерциялык негизде жүк ташыган, эл ташыган транспорттор.

Кулак кагыш! Москвада кыргыз жарандарын паспорттоштуруу иши жүргүзүлөт
Бүгүнкү күндө диагностикалык картасы жок айдоочулар 500дөн 800 рублге чейин айыпка жыгылат. Бирок жол инспекторлору сөзсүз текшериши керек болгон документтердин катарына кирбегендиктен көзөмөл жүргүзүү оорго турат. ЖМКнын маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-мартынан тарта бул эрежени бузгандарга салынган айыпты эки миң рублге көбөйтүү пландалып жатат. Бирок техникалык көзөмөл жоюлуп кетиши мүмкүн болгондуктан пландын ишке ашышы күмөн.

Буга чейин "Единая Россия" Мамдумага жеке транспорт үчүн милдеттүү техкөзөмөлдү жоюп салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин демилгени колдой турганын айткан болчу.