Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, офицердик курамдын айлыгы 50 пайызга, сержанттардыкы 30 пайызга көтөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аскер кызматкерлери сентябрь айынын соңунан тарта жогорулаган айлык ала башташат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асхат Оморов билдирди.

Анын айтымында, офицердик курамдын оклады 50 пайызга, сержанттардыкы 30 пайызга көтөрүлдү. Оморов сержанттардын айлыгы 2018-жылы дагы 30 пайызга жогорулатылганын билдирди.

"Мисалы, буга чейин 7 600 сом айлык алган взвод командирине эми 12 миңден бериле баштайт. Ал эми бригада командиринин мурдагы 9 миң сом айлыгы 14 миң сомго көбөйдү", — деди Оморов.

Ошондой эле ал айлыктын жогорулашы менен бардык кошумча төлөмдөр сакталып калганын айтты. Маалыматка караганда, аскер кызматкерлеринин баарынын айлыгы 2011-жылы көтөрүлгөн.