Евро менен алтын кымбаттады. 24-сентябрга карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллардын баасы ошол бойдон калып, евро 20 тыйынга кымбаттады. Маалымат Valuta.kg порталында көрсөтүлгөн.

Банктар жана акча алмаштыруу жайларында долларды 84,9 сомдон, ал эми еврону 100,29 сомдон сатып жатышат.

Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат:

"Роснефть":

  • АИ-92 — 56,8 сом;
  • АИ-95 — 61,8 сом;
  • Дизель майы — 51,4 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 56,4 сом;
  • АИ-95 — 61,9 сом;
  • Дизель майы — 51,9 сом.

Ал эми алтындын 1 граммы 64 сомго кымбаттады.