Боомдо 4 күн бою таш кулатылып, автоунаа каттамына чектөө киргизилет

Таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, автоунаа жолу жарым-жартылай жабылат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (темир жолдун 3901-чакырымы) кооптуулук жараткан таштар атайылап кулатылат. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.

Тагыраак айтканда, Боом капчыгайында 27-сентябрдан 1-октябрга чейин кооптуу тилкеде автоунаалардын жана поезддин каттамына чектөө киргизилет.

Аталган иштер күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу жарым-жартылай жабылат. 30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол ачылары белгиленди.

Мындай аракеттер автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда.