Мындайды кинодо да көрбөйсүң. Космостун укмуштуудай сүрөттөрү

Sputnik

Astronomy Photographer of the Year 2021 сынагында кытайлык фотограф Шучан Донга "Алтын шакекче" сүрөтү менен баш байгени утуп алды. Ал Тибетте күндүн батып жатканын шакекче түрүндө тартып алууга жетишкен.

Башка сүрөттөр эң мыкты деген баа албаганы менен көп эмгекти талап кылганы байкалат. Кээ бир кадрларды кармоо үчүн астрофотографтар бир ай убакыт кетирген. Натыйжада буга чейин адамдар көрө элек кубулуштардын сүрөтүн чыгара алышкан.

Sputnik Кыргызстан конкурста алдыңкы сапка чыккан сүрөттөрдүн түрмөгүн сунуштайт.

 

1 / 15
Сынакты кытайлык фотограф Шучан Донга "Алтын шакекче" сүрөтү менен жеңип алды. Ал Тибетте күндүн батып жатканын шакекче түрүндө тартып алууга жетишкен.
2 / 15
Россиялык фотограф Дмитрий Рыбалкин "Популярдуу жаркырак бийи" кадры менен "Түндүк жаркырак" категориясында жеңүүчү аталды.
3 / 15
Франциялык Николь Лефодонун "Чек аранын ары жагы" кадры "Биздин ай" категориясында мыкты деп табылды
4 / 15
Британиялык Терро Хэнкоктун "NGC 1499 жөнүндө Калифорния кыялы" сүрөтү "Жылдыздар жана туман" категориясында жеңүүчү болду
5 / 15
Италиялык фотограф Дарио Джаннобиленин "Этна вулканынын түштүк-чыгыш жаракасынын үстүндөгү Ай" эмгеги "Асман пейзажы" категориясында экинчи орунду ээледи
6 / 15
Германиялык фотограф Николас Реммельттин "Жаңы күндүн башталышы" сүрөтү "Адамдар жана космос" категориясында жогору бааланды
7 / 15
Америкалык Фрэнка Кушая тарткан кадр "Планеталар, кометалар жана астероиддер" категориясында алдыга чыкты
8 / 15
Румыниялык Богдан Борзанын "IC 2944төгү булут" сүрөтү "Жылдыз жана туман" категориясында экинчи орунду алды
9 / 15
Америкалык Жеффри Лавлейстин "Айдын кумдары" сүрөтү "Асман пейзажы" категориясын утуп алды
10 / 15
Кытайлык Чжун Вунун "Сүттүү шакекче" эмгеги "Галактика" категориясынын мыктысы аталды
11 / 15
Америкалык Алан Фридмандын "Суутектен жасалган парда" кадры "Биздин күн" категориясы боюнча жогорку баага татыды
12 / 15
Британиялык Дипал Ратнаяктын "Локдаун" эмгеги "Адамдар жана космос" категориясын жаңип чыкты
13 / 15
Швециялык фотограф Горан Стрэнддин "Ай галосу" аталышындагы эмгеги "Биздин ай" категориясын утуп алды
14 / 15
Жаңы зеландиялык Ларина Рэянын "Годафосс агымы" сүрөтү "Түндүк жаркырагы" категориясында жогору бааланды
15 / 15
15 жаштагы кытайлык фотограф Чжип Вандын "Күн системасындагы үй-бүлөлүк сүрөт" эмгеги "Жаштар" категориясын утуп алды