БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ереванда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян Facebook баракчасында билдирди.
Жолугушуу бейшемби күнү Тер-Петросяндын хан сарайында өткөн.
Акаев Ереванга Россия-Армения университетинин чакыруусу менен барган. Окуу жайдын жетекчилиги ага ардактуу доктор наамын ыйгарууну пландап жатканы айтылат. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчысы бир катар лекцияларды окумакчы.
Мусинян белгилегендей, Тер-Петросян менен Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан.
"Бөтөнчө экөө тең илимден саясатка келгени бири-бирине жакындатып турчу", — деген Мусинян.
Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүргөн. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.
Быйыл августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал Кумтөр боюнча болгон чындыкты айтып берерин билдирген.