Радио

Мамытов: Россия алтынды наркынан беш эсе өйдө күрөөгө алууну сунуштады

Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүүнү изилдөө институтунун директору, экономист Улукман Мамытов алтынды инвестиция катары колдонсо боло турганын белгиледи.
Sputnik

ЕАЭБ алкагында Россия кыргыз алтынын күрөөгө алып, наркынан беш эсе жогору каражат берүүгө даяр. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамытов: Россия алтынды наркынан беш эсе өйдө күрөөгө алууну сунуштады

Анын айтымында, мындай сунуш август айында Чолпон-Атада өткөн ЕАЭБдин форумунда айтылган.

"Алтынды эки түрдө колдонууга мүмкүндүк бар. Биринчиси — зер буюмдарды жасап сатуу. Бирок мында алтындын наркы азыраак жогорулайт. Эинчиси — монетардык жол менен сатуу. Эгерде алтындын куймасын жасап, банктар ага таянып акча чыгарса, аны өндүрүшкө салууга болот. Ал каражат экономикага инвестиция болуп калат. Натыйжада өлкө алтынын салыштырмалуу кымбат сатууга мүмкүндүк жаралат. Мисалы, жакында эле Чолпон-Атада өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин форумунда россиялыктар "силердин алтынга лизинг, кредиттик негизде беш эсе жогору акча бере алабыз" дешти. Бул алтынды күрөөгө коюп, наркынан беш эсе кымбат акча алууга жол ачылат дегендик. Албетте, бул расмий сунуш эмес. Бирок бул жагдай даярдыктардын бар экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан бул маселени иштеп чыгуу зарыл", — деди Мамытов.

Экономист Кыргызстан өз алтынын сактап турса баасы өсө турганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: