Жума күнгө карата аба ырайы

24-сентябрда күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде аба ырайы өзгөрүлүп турат, кээ бир өрөөндөрдө өткүн өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Ысык-Көл, Нарын, Талас өрөөндөрүндө +19…+24 болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31 градуска чыгары айтылды.

Ал эми Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +29…+31 градус болмокчу.