Борбор Азияга таралуу коркунучу жок эмес... Талибдер убадасына турабы?

Талибдер макулдашууларды бузууда. Афганистандагы бийликке алар толук эгедер боло элек. Афган жергесинде бардык террордук топтордун жанданышына, террордук экспансиянын чектешкен ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттерге жайылышына ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө.
Sputnik

Коңшулары "эмирликтин проекциясына" жол бербөө үчүн афган чек арасына жакын биргелешкен аскердик машыгууларды байма-бай өткөрүүгө аргасыз. "Талибан"* аскер-диний кыймылы Афганистанга гана тургай, бүтүндөй чөлкөм үчүн кооптуу. Мурда аталган кыймыл мүчөлөрү АКШ жана НАТО күчтөрү менен күрөштө өз мекендештерин – аскер жана полиция кызматкерлерин өлтүрүүгө кынык алып калышкан... Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган мамлекеттеги бийликтин талибдер тарабынан басып алгандан берки жагдайга жана чектеш республикаларга анын таасирине дагы бир ирет баам салган.

Борбор Азия биригүүдө. ШКУнун "Тынчтык миссиясы – 2021" машыгуусунун өзгөчөлүгү
Бүгүнкү күндө кыймылдын душмандары – алардан башкача көз караштагы, бөлөкчө ой жүгүрткөн афгандыктар (ал эми алар өлкөдө аз эмес), "эмирликтеги" жүрүм-турум эрежелерин бузгандар, аларга баш ийбегендер, аман калган катардагы эле чет элдиктер.

Талибдердин блокада койгонуна карабай Панжшер капчыгайындагы Каршылык көрсөтүү фронту менен согуш уланууда. Талиб-пуштундардын жаңы өкмөтүнө Афганистандын 40 миллиондук калкынын үчтөн биринин гана кызыкчылыгын коргогон өкүлдөр кирди.

Өкмөт жана аскер кызматкерлери үчүн курулган шаардык кичирайондордун тургундарын үйлөрүнөн чыгаруу аракеттери да байкалууда. Эч ким тарабынан тааныла элек талибдер өлкөнүн баш мыйзамын кайра карап чыгууга ниеттенди. Ал түгүл Бириккен Улуттар Уюмуна өз өкүлүн дайындоого үлгүрдү.

Дүйнөлүк коомчулуктан акча, азык-түлүк жана башка материалдык керектөөлөрдү берүүнү талап кылды. БУУда талибдер тарабынан милдеттенмелер жана адам укуктары бузулуп жатканы боюнча билдирүүлөр жаңырды.

Жаңы согуштун эпкини сезилет...

Евро-доллардык агым узакка токтоп калганы айкын, эми талибдер Россия, Кытай, Пакистан менен мамилесин бекемдөөгө кызыкдар. Ошону менен катар эле "Талибан"* өлкөнүн орус, британ жана америкалыктардан кутулган – "Көз карандысыздык күнү жөнүндө" мыйзам кабыл алды. Бул – саясий логикага жатпаган кадам.

"Талибан"* кыймылы БУУга кат жолдоп, кызматташууга чакырды
Ушул эле мыйзам аркылуу афган өзбектерине (1,5 миллиондун тегерегиндеги киши) да бир тийишти, Афганистанда өзбек тили расмий макамын жоготту. Өзбекстандын талибдерге катаал каршылыгы деле байкалбаганын белгилей кетели. Өзбектердин улуттук намысына "студенттердин" ырайымсыз кайдыгерлиги Уинстон Черчиллдин "согуш менен уяттын ортосунда" деген кебин эске салат, анткени азыркы тапта Ташкенттин алдында ушундай татаал суроо турат.

Ал ортодо "бийликтеги" талибдер жаңы "революционерлердин" бутасында. ИМ* согушкерлери жакында эле өлкөнүн үч ири калаасында, кечээ Желалабадда жардыруу уюштурган. Атаандаш жихадчылардын күрөшүнүн түбү көрүнбөчүдөй. Афганистанда бул үчүн америкалык курал жетиштүү, артып да калат. Террорчулардын карамагында азыр 23 учак, 108 тик учак, сегиз тактикалык учкучсуз аппарат, 175 артиллериялык курал, эки миңге чукул зооттолгон автомобиль, жарым миллиондон ашуун ок атуучу курал бирдиги жана тонналаган ок-дары бар. Жалпысынан бул арсеналдын тагдыры кандай болорун болжоо кыйын деле эмес.

Өлкөдөгү саясий-аскердик абал өтө татаал. Талибдер өздөрүнө идеологиялык жактан жакын "Аль-Каиданын"* өкүлдөрү Афганистанда бар экенин караманча танууда. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы директору Майкл Морелл аталган террордук уюмдун жол башчысы Айман аз-Завахири талибдердин калкалоосунда Афганистанда жашап жатканын билдирди. Мындан тышкары, британиялык Daily Mail басылмасы да "Аль-Каиданын"*мурдагы лидери Усама бен Ладендин жакын санаалашы Амин уль-Хак кичи мекени Нангархарга кайтканын маалымдады.

"Талибан"* менен "Аль-Каиданын"* тарыхый тыгыз алакасы Борбордук жана Түштүк Азия элдерине, Кошмо штаттарга жана алардын союздаштарына жакшылык алып келбеси анык.

Чепти бекемдеп...

Афганистандагы шарият мыйзамы Кыргызстанга кандай коркунуч жаратат? Пикир
Кайгы-капсалаңдан улам калктын колунда визасы бары да, жогу да Афганистандан качып кетүүгө умтулууда. Көптөгөн өлкөлөр афган мигранттарын кабыл алуудан баш тартты, себеби агым арасында террордук топтордун өкүлдөрү болушу ыктымал. "Талибандын"* идеялары Борбор Азия жана түндүктөгү өлкөлөрдүн жаштарынын арасында ансыз да таралууда. Кечээ Екатеринбургда Тажикстандын төрт жана бир россиялык жаран кармалды. Алар талибдердин идеологиясын кабыл алып, теракты жасоого камданып, үч килолук жардыргыч зат даярдашкан. Россиялык мыйзамдарга ылайык террордук топтун мүчөлөрү узак жылдарга эркинен ажыратылат. Бул болгону – глобалдык көйгөйдүн кичинекей эле фрагменти.

Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия террорчулук көйгөйүнүн "жайылышын" бирге алдын алуу, афган калкына гуманитардык жардам көрсөтүү, көзөмөлсүз миграцияга жол бербөөгө чогуу аракет көрүүдө.

Тажикстан июль айындагыдай 100 миң афган качкынын кабыл алууга даяр экенин жарыялоону токтотту.

Өзбекстан мигранттарды кабыл албоо чечиминен кайтпай, өз аймагына өтө качкан афган учкучтарын Батышка жөнөтүүдө.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 16-сентябрда афган мигранттарын Борбор Азия аймагына өткөрбөө боюнча ЖККУнун жалпы позициясын колдоорун билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чөлкөмдө коопсуздук алкагын түзүүнү жана миграциялык агымды катуу көзөмөлдөөнү сунуштады.

Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот
Түркмөнстан 2020-жылы эле өз территориясына качкындардын болжолдуу агымын бөгөттөө жөнүндө талибдер менен сүйлөшүү өткөргөнү белгилүү.

Россия президенти Владимир Путин афган жарандарын АКШ жана Европага виза берүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууга каршы чыкканы маалым.

Москва азырынча байкоочу позициясын карманып, талибдер менен өзүнүн чөлкөмдөгү союздаштарынын коопсуздугу үчүн гана сүйлөшүп, ири согуштук жаңжалдын тутанышына жол бербөөгө жан үрөп жаткан чагы. Ошентсе да жаман айтпай жакшы жок деген тейде Тажикстанга заманбап курал жана аскердик техниканын кыйла көп партиясын жеткирген. Sputnik ЖККУ, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик окуулары тууралуу да жазган. Чөлкөмдөгү мамлекеттер окуялар кандай нукка бурулса да даяр.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.