Радио

Усупбекова: округдук шайлоого катышуу үчүн бир жерде үч ай жашоо керек

"Жарандык платформа" коомдук уюмунун жетекчиси, шайлоо боюнча эксперт Айнура Усупбекова жаңы конституциянын алкагында шайлоо мыйзамдары өзгөртүлгөнүн белгиледи.
Sputnik

Жарандар бир мандаттуу шайлоого катышуу үчүн бир жерде үч ай туруктуу жашашы керек. Мындай эреже пропорционалдык (партиялык) системага колдонулбайт. Бул тууралуу Айнура Усупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Усупбекова: округдук шайлоого катышуу үчүн бир жерде үч ай жашоо керек
"Октябрь окуяларынан кийин Конституция өзгөртүлүп, ага ылайык шайлоо мыйзамдары кирди. Мындан кийин Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 36сы бир мандаттуу округдан, калган 54ү пропорционалдык система менен шайланып келет. Шайлоочуларга бир мандаттуу округ жана партияны тандоосу үчүн эки бюллетень берилет. Мындан тышкары, шайлоочулар партияны, анын ичинен депутаттыкка талапкерди тандоого мүмкүндүк алган преференциалдык шайлоо өтөт. Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай, бир мандаттуу шайлоого катышуу үчүн жарандардын каттоосу 90 күндөн кем болбошу керек. Эгер шайлоочу үч айдан аз убакыт калганда каттоону өзгөрткөн болсо, ал округдук шайлоого катыша албайт. Бул эреже пропорционалдык системага колдонулбайт", — деди Усупбекова.

Ошондой эле ал партиялар республика боюнча беш, Бишкек, Ош шаарлары жана ар бир облустан 0,5 пайыздык босогону басып өтүшү керектигин кошумчалады.