БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси Дмитрий Федотов "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" мелдешинде Кыргызстандын спортчуларынын ийгиликтери тууралуу айтып берди.
Ал жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештердин аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.
Федотов белгилегендей, жаштар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулуп келет, тогуз жаштан баштап бардык курактагы топтор камтылган.
"Бизде кичинекей балдар үчүн "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" сыяктуу чоң программа бар. Ал мелдешке ар кайсы өлкөлөрдүн балдары күчүн сыноо үчүн келишет. Кечээ "Русский дом" мекемесине кирип, Кыргызстан дээрлик дайыма биринчи орунду алып келгенин көрдүм", — деген ал.
Ырасында анын "дайыма" деген сөзүн көпчүлүк учурда деп оңдошкон.