Кыргызстанда Дзюдо эл аралык академиясы ачылат

Күрөш академиясынын расмий ачылыш аземи 1-октябрга белгиленип, ага балдар, чоңдор, ошондой эле дзюдо менен машыгууну каалагандар чакырылат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Дзюдо эл аралык академиясы ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук дзюдо федерациясы билдирди.

Акжол Махмудов Ош шаарында өспүрүмдөргө ачык машыгуу өткөрдү. Видео
Күрөш академиясынын расмий ачылыш аземи 1-октябрга белгиленип, ага балдар, чоңдор, ошондой эле дзюдо менен машыгууну каалагандар чакырылат.

Академиядагы сабактар профессионал спортчулар үчүн эле эмес, ден соолугуна кам көргөн, спорттун бул түрүн өздөштүрүүнү же келечектеги олимпиада чемпиону болууну каалаган бардык адамдар үчүн ылайыктуу.

"Академия — бул бүтүндөй үй-бүлө үчүн спорттук комплекс. Борбордо сиздин каалооңузду жана балаңыздын каалоолорун угушат, ар бир ышкыбозго ылайыктуу болгон жеке окутуу-машыгуу планы түзүп берилет", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар дзюдо спорту булчуңду гана өстүрбөстөн мүнөздү дагы тарбиялай турганын белгилешти.