Эжеси менен жездеси сабаган. Каракол милициясы кош бойлуу келин тууралуу үн катты

Бүгүн Акыйкатчы институту Ысык-Көлдө келинге эки милиционер жана бир тергөөчү кол салып, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Караколдо шаардык ички иштер бөлүмү милиция кызматкерлери кош бойлуу келинди сабаганга шектелүүдө деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Караоке-бардан күйөөсү сулата чапкан аял видеону тараткандарга каршы арыз жазды
Бүгүн Акыйкатчы институту маалымат тараткан. Анда Омбудсмендин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө келин кайрылып, эки милиционер жана бир тергөөчү кол салганын, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын айтып берген.

Каракол ИИБдин версиясы боюнча, 5-август күнү милицияга А.А. аттуу 22 жаштагы тургун арыз жазып, ошол күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында батирде чогуу жашаган бир тууган эжеси А.Г. жана жездеси Т. Н. аны сабаганын билдирген. Урушка анын паспортун экөө уруксатсыз күрөөгө коюп салгандан улам чыкканы айтылат. Арыз Жоруктар кодексинин "Үй-бүлөдөгү зомбулук" беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал жабырлануучу жеңил жаракат алганын көрсөткөн.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аялды 32 жаштагы А.Г. жана анын 32 жаштагы жолдошу Т.Н. сабаганы аныкталган. Аларга шектүү катары кабарлама берилип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн", — деп жазылган маалыматта.

Милиция А.Г. өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу максатында кызматкерлерди каралап жатканын белгиледи.