Кара-Сууда 40 млн. сомго курулган мектеп ачылды. Сүрөт

Мектепти курууга жалпы жонунан 39 миллион 779 миң 160 сом сарпталды. Анын 20 миллион 438 миң 600 сому быйыл бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, №39 мектептин курулушу 2015-жылы эле башталган.

"Эки кабаттуу жаңы мектептин аянты 1687,4 чарчы метрди түзөт. Объект эксплуатацияга берилип, окуу процесси толук кандуу жүрүүдө. Мектепти курууга жалпы жонунан 39 миллион 779 миң 160 сом сарпталды", — деп айтылат маалыматта.

Курулуш ишин бүткөрүү үчүн быйыл 20 миллион 438 миң 600 сом бөлүнгөн.