Бишкек: милиция Пермдеги окуядан соң окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сүрөт

Милиция өспүрүмдөргө көчөдө да, билим берүү мекемелеринде да тартипти жана мыйзамды сактоо керектигин эскертишти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери Россиянын Пермь университетиндеги окуяга байланыштуу жогорку класстын окуучуларына лекция өтүштү. Бул тууралуу аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн РИИБдин өспүрүмдөр менен иш алып баруу боюнча инспекторлору №96 орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларына профилактикалык лекцияларды окушкан.

Бишкек: милиция Пермдеги окуядан соң окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сүрөт

Мындан тышкары, тартип сакчылары Кыргызстандын кодекстери боюнча, тактап айтканда, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо жана жашы жете электердин кылмыш жана жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Милиция өспүрүмдөргө көчөдө да, билим берүү мекемелеринде да тартипти жана мыйзамды сактоо керектигин эскертишти.

Сабактар 20-сентябрда катталган Россиянын Пермь университетиндеги ок атуу окуясына байланыштуу өткөрүлдү. Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 24ү жаракат алган.