БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Нью-Йорк шаарында мэрдин буйругу менен бульдозер ондогон мотоциклди тепселеп, талкалап жок кылды. Бул тууралуу RT жазды.
Жараксыз болуп калган транспорт каражаттарынын баары мыйзамсыз пайдаланылып келгендиктен, колдонуп жүргөн ээлеринен алып коюшкан. Мындай мотоциклдер өмүргө кооптуулук жаратары айтылды. Аларда күзгү жана бурулганда иштей турган тетиктери жок, стоп-сигналдары иштебейт дешкен.
"Эгерде ушундай мыйзамсыз транспорт болсо, аны ээн-эркин айдап жүрөм деп ойлобой эле койгула. Нью-Йорктун полициясы таап, тебелетип жок кылат", — деген шаар мэри Билл де Блазио журналисттер катышкан "тебелетүү" иш-чарасында.
Шаар полициясынын билдирүүсүнө караганда, биринчи кварталда эле мыйзамсыз мотоциклдер 8 адамдын өмүрүн алып, 350 кишини жарадар кылган.
Полиция департаменти мындай дагы 3000 транспортту жок кылуу үчүн издеп жаткандыгын кабарлады.