Депутат: Жапаров бизди "легендарлуу парламент" деп атап, жогорку баасын берди

Эл өкүлү президент тарабынан берилген жогорку баа өтө чоң жоопкерчиликти жана милдеттерди жүктөй турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров VI чакырылышты "легендарлуу парламент" деп атап, жогорку баасын берди. Бул туурасында ЖК депутаты Самат Ибраев билдирди.

Ал эл өкүлдөрүн финансылык технология боюнча сунуштаган мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.

"Мыйзам боюнча оюңуздарды айтып, активдүү колдоп бериңиздер. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, Садыр Нургожоевич акыркы жолугушуубузда бизге жогорку баасын берди. "VI чакырылыш — легендарлуу парламент" деп айтты. Бул өтө чоң жоопкерчиликти жана чоң милдеттерди коёт. Бул саясий чечим, ал иштеп калса Борбор Азиянын финансылык борборуна айланабыз", — деди Ибраев.

Эл өкүлүнүн айтымында, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов "каржы системасын талкалап алабыз" деп бул мыйзам долбоорго каршы чыгып келет. Бирок Ибраев Абдыгуловдун чочулоосун жомок катары сыпаттады.