Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт

21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы ачылып, анда Садыр Жапаров видеокайрылуу жасаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт, бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда айтты.

Мамлекет башчы Кыргызстандын азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына бир жыл толорун эске салды.

"Бир жыл ичинде биз коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алдык. Ошондой эле президенттик шайлоонун жана Конституция боюнча референдумдун жыйынтыгы эл аралык коомчулук тарабынан, анын ичинде ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун байкоочулары тарабынан таанылды", — деди Жапаров.

Мындан тышкары, президент 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого БУУга мүчө-мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды өз байкоочуларын жиберүүгө чакырды.

Эске салсак, 21-сентябрь күнү "Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу - COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун ишин активдештирүү" темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы ачылган. Анда Садыр Жапаров видеокайрылуу жасаган.

Садыр Жапаров Өзбекстан парламентинин төрайымы менен жолукту
Мамлекет башчынын тапшырмасы менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев сессиянын алкагында бир катар иш-чараларга күбө болот. Тагыраагы, 23-сентябрда деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат. Андан соң Өзөктүк куралды сыноого ар тараптуу тыюу салуу жөнүндө келишимдин күчүнө киришине көмөк көрсөтүү боюнча конференцияда сүйлөйт. 24-сентябрда Энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо, 28-сентябрда Өзөктүк куралды толугу менен жок кылуу эл аралык күнүнө карата кеңешмеде болот. Ошондой эле министр БУУнун жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды.