Алтай тил семьясына кирген тилдерди изилдөө иштери гипотезадан илимий теорияга өттү. Бирок Кыргызстанда жетишерлик колго алынбай келет. Бул тууралуу Ибрагим Абдувалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, XVIII-XIX кылымдарда алгач алтай тил семьясын Европа жана орус окумуштуулары изилдей баштаган.
"Алтай тил семьясын жөнөкөйлөтүп баба тили деп койсок да болот. Алгач мындан үч кылым мурда Европа окумуштуулары тарабынан изилденип, "алтай тил семьясы" деген гипотеза пайда болгон. Кийинчерээк орус окумуштуулары да иликтөө иштерин активдүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында окшош тилдерди бириктирип, булардын түбү, теги бир деген жыйынтыка келишкен. Тактап айтканда, гипотезадан илимий теорияга айланып, "алтай тил семьясы" деген термин менен бекитилген. Кийинчерээк бул топко корей жана япон тилдери кошулду. Бирок бул эки этностун тили боюнча эки ача пикирлер бар. Иликтөө иштери Корея, Япония жана башка өлкөлөр тарабынан да жигердүү жүргүзүлүүдө. Андыктан муну азырынча илимий так маалымат катары карабай, гипотеза деп баалап турганыбыз дурус. Ошондой эле алтай тил семьясына кирген башка мамлекеттерде да бул багытта бир топ иштер жасалып жатат. Тилекке каршы, Кыргызстанда жеткиликтүү колго алынбай келет", — деди Абдувалиев.
Окумуштуу алтай тил семьясы тууралуу илимге негиз болуп берген көптөгөн маалыматтар орхон-енисей жазууларында сакталып калганын кошумчалады.