Чет өлкөдөгү жарандар бир мандаттуу округдан чыккан депутаттарды шайлай албайт

БШК төрайымы кыргызстандыктар консулдук каттоого турбай деле шайлоого катыша аларын эскертти. Бул үчүн биометрикалык каттоодон өтүү жетиштүү.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар бир мандаттуу округдан чыккан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлай албайт. Бул туурасында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, чет жактагы мекендештер партиялык тизме менен чыккан 54 депутатты гана шайлай алат.

"Бир мандаттуу округдан биз тиешелүү бир аймактын атынан чыккан депутаттарды тандайбыз. Андыктан чет өлкөдө убактылуу жүргөн жарандар добуш бере албайт", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал кыргызстандыктар консулдук каттоого турбай деле шайлоого катыша аларын эскертти. Ал үчүн ачылган шайлоо участкасына барып арыз берип, биометрикалык каттоодон өтүү жетиштүү. Бул ишти аткаруу үчүн БШКнын мобилдик топтору Россиянын бир нече шаарына жөнөтүлгөн.

Аны менен катар Россияда дагы кошумча шайлоо участкалары ачылары кошумчаланды.