БУУнун Коопсуздук кеңешинде талибдерден санкцияны алуу маселеси каралбайт

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш эл аралык коомчулукту Афганистанды башкара баштаган талибдер менен диалогго барууга чакырган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин санкцияларын алуу кеңештин учурда жүрүп жаткан жыйынында талкууланбайт. Бул туурасында РИА Новости Россиянын аталган уюмдагы өкүлү Василий Небензяга таянып жазды.

Өкүл "БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү талибдерден БУУнун санкцияларды акырындык менен алышы боюнча жол картасын иштеп чыгууну талкуулап жатабы?" деген суроого жооп берген.

"Коопсуздук кеңеш линиясы боюнча киргизилген санкцияны талибдерден алуу темасы дал азыркы учурда күн тартибинде жок", — деген ал.

Өкүлдүн айтымына караганда, бул суроону эртеби-кечпи, чечкенге туура келет.

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
"Бирок муну чыга калып эле талкуулап баштаганга болбойт. Абал кандай өзгөрөт, аны жакшылап байкап, караштырып, ошого жараша иш кылыш керек", — деген Небензя.

Ал туруктуу мүчөлөрү болгон бештик эле эмес, Коопсуздук кеңештин бардык мүчөлөрү Афганистан боюнча темада өлкөнүн жаңы бийлигине жасалган мамиледе абайлап кадам ташташ керектигин айтышканын билдирди.

"Коопсуздук кеңештин санкция комитетинде бул көйгөй азырынча көтөрүлө элек. Эгеде санкцияларды талкууласак, анда аны майнаптуу гуманитардык жардам берүү, өлкөнүн социалдык-экономикасын калыбына келтирүү кесепеттеринен башташ керек. Биринчи иретте бул Афганистандын активдерин башка өлкөлөрдүн тоңдуруп коюшунан башталат. Дал ушундай катаал чаралар өлкөнү экономикалык кыйроого алып келиши мүмкүн", — деген өкүл.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш эл аралык коомчулукту Афганистанды башкара баштаган талибдер менен диалогго барууга чакырган эле.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.