Баткен менен Сохтун акимдери жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты

Тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштеп, жергиликтүү калкты аралаштырбашы керектигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Боз-Адыр айылында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Сох районунун (Өзбекстан) акими Сайидбахром Сайидмусаев жолугуп, чек арага байланыштуу маселелерди такуулашты. Бул тууралуу район жетекчилигинен билдиришти.

Жетекчилердин жыйынына күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер катышты.

"Эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактарды жана кылмыштуулукту алдын алуу, соода-сатык, экономикалык, чарбалык, ирригациялык маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары, эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, маданий иш-чараларды биргеликте өткөрүү боюнча пикир алышуу болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштеши керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты.