Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева

Sputnik

Айсулуу Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Асанбек Токомбаев узак жылдар бою Мамлекеттик телерадио комитетинде эмгектенсе, апасы Мунжия Эркинбаева опера ырчысы болгон. Болочоктогу талант 11 жашында балет дүйнөсүнө аттанып, Ленинграддагы Ваганова атындагы мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайына өтөт. Ошентип жаш балерина 1966-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына жумушка алынып, ал жерде 30 жылдай иштейт.

Миллиондор сарпталып соңуна чыкпай калган тасма. "Чыңгыз хандагы" ирмемдер
КРдин эл артисти бул убакыт аралыгында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партияларында бийлеген. Алсак, Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", Адольф Адандын "Жизель", Людвиг Минкустун "Дон-Кихот", Михаил Раухвергердин "Чолпон", Владимир Власовдун "Асел", Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Маңкурттар баяны", Улукбек Мусаевдин "Томирис", Кирилл Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарып, сахнага СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев менен көп чыккан.

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты 1995-жылы Түркияга кетип, Анкара мамлекеттик консерваториясына хореография боюнча окутуучу болуп кирет. Тажрыйбалуу устат 25 жылдан бери чет өлкөдө жаштарды тарбиялоодо.

 

1 / 12
Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген
2 / 12
Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин "Саманчынын жолу" балетинде бийлеп жаткан учуру
3 / 12
Композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.
4 / 12
Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.
5 / 12
Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган
6 / 12
Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын "Спартак" балети.
7 / 12
СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов
8 / 12
Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган
9 / 12
Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.
10 / 12
Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев
11 / 12
"Баядерка" балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.
12 / 12
Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет