COVID: 72 киши ооруп, эки бейтап көз жумду. 22-сентябрдын маалыматы

Статистикага карай келгенде Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда оору жуктургандар көп экендигин байкоого болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 72 кишиден коронавирус аныкталып, 100 киши сакайып кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 37;
  • Ош шаары - 1;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу - 4;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3.

Статистикага карай келгенде Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда бул ооруну жуктургандар көп экендигин байкоого болот.

"Акыркы суткада коронавирустан үч киши көз жумду. Ал эми илдет өмүрүн алып кеткендердин жалпы саны 2 595 кишиге жетти", — деп айтылат маалыматта.

Стационарда 542 жана амбулатордук шартта 862 адам дарыланып жатканы кабарланды.