Өкмөттө иштеген Венера Рыскулова Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалды

Рыскулова министрлер кабинетинин аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө эксперт болуп иштеп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Алмаз Мамбетов бүгүн, 21-сентябрда, кол койгон.

Өкмөттө иштеген Венера Рыскулова Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалды

Рыскулова буга чейин министрлер кабинетинин аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө эксперт болуп иштеп жаткан.

Венера Рыскулова 40 жашта, Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган. Мурда Улуттук статистика комитети жана өкмөттүн аппаратында эмгектенген.

Эки жогорку билимдин ээси, Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.