Таласка Калмыкиянын экс-президенти Илюмжинов барып, күмүш кенин көрдү. Сүрөт

Облустук администрациянын билдиргенине караганда, ишкер жана мурдагы президент Кирсан Илюмжинов Талас облусуна ири инвестиция салуу ниетин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Калмыкия Республикасынын мурдагы президенти, Эл аралык шахмат федерациясынын президенти жана ишкер Кирсан Илюмжинов Талас облусуна жумушчу иш сапары менен барып, бир катар жерлерди көрүп кетти. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Илюмжиновду кечээ күнү облус башчысы Бакытбек Нарбеков "Манас Ордо" улуттук комплексинен тосуп алган.

"Алгач коноктор Манас атанын күмбөзүнө зыярат кылып, андан соң "Манас" музейи жана Кырк-Чоро архитектуралык композициясы менен таанышты. Эки тараптуу жолугушуунун расмий бөлүгү облус башчысынын жумуш ордунда уланды. Баарлашуу учурунда Бакытбек Нарбеков экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Бакытбек Нарбеков Түз ашуу аркылуу Өзбекстанга туннель салуу жана Бакайыр айыл аймагындагы күмүш кенин иштетүү келечектүү долбоор экенин белгилеген.

"Талас облусуна ири инвестиция салуу ниетин билдирип жаткан эл аралык маанидеги ишкер Кирсан Илюмжиновго Бакытбек Нарбековдун буйругу менен "Талас облусунун Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Илюмжинов Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айыл аймагынын Куру-Бакайыр жайыгындагы күмүш кени жайгашкан аймак менен таанышты", — деп жазылган маалыматта.

Илюмжинов наам үчүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ыраазычылык айткан.

​Ошондой эле Калмыкия Республикасынын мурдагы президенти Талас шаарындагы балык өстүрүү чарбасынын иши менен таанышып, экспортко чыгаруу багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү айтып берген.

Кирсан Илюмжинов Калмыкияны 1993-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Эки ирет президент болуп шайланган.