Садыр Жапаров Өзбекстан парламентинин төрайымы менен жолукту

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчы Өзбекстандын парламентине парламент аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын мартында президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Олий Мажлис сенатынын төрайымы Кыргызстанда Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болгон жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи. Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жалпы кыргыз элине чын дилден бакубатчылык тилеген каалоосун жеткирди. Өзбекстандын парламенти Жапаровдун Ташкентке болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу соңунда Жапаров кесиптеши Мирзиёевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалаган.