Туризм департаменти Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу аймактык туристтик форум жана "Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун бутактарында" аттуу көргөзмө-жарманке өткөрөт. Мындай иш-чара Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жатканы белгиленет. Ал эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулууда.
Программасы:
- эл аралык көргөзмө-жарманке;
- этнобазар;
- ири аймактын алгачкы туристтик форуму;
- этномузыка;
- Болливуд жылдыздарынын концерттик программасы;
- ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү;
- глэмпинг-туризм;
- туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча талкуулар;
- "Ири аймактык турбизнес жаңы шарттарда" аттуу тегерек стол;
- жергиликтүү ышкыбоздордон атайын маданий программа;
- эл аралык коноктор үчүн экскурсия жана маалымат-саякаты;
- туризм жаатындагы мыктыларга сыйлык тапшыруу аземи;
- "Дүйнөгө кат" долбооруна катышуу жана башка кызыктар тартууланат.