Министрлик Купешевге кылмыш иши козголду деген маалыматты төгүндөдү

Буга чейин ЖМКлардын бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Купешевге карата кылмыш ишин козгоду деген маалымат чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалымат жалган. Бул төгүндөөнү аталган министрлик таратты.

Буга чейин ЖМКлардын бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Купешевге карата кылмыш ишин козгоду деген кабар чыккан.

"Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду" деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Министрлик ЖМКлардан жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну өтүндү.