Токон Мамытов: чек ара көйгөйүн чечпесе Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн

Атайын кызматтын генералы Токон Мамытов Афганистандагы окуяларга байланыштуу Кыргызстан кандай чараларды көрүшү керектигин айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасын тартипке келтирбесе 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы кайталанышы мүмкүндүгүн айтты.

Ал "Пикир" регионалдык эксперттер клубу уюштурган "Афганистан Кыргызстан жана ЖККУ өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан фактор катары" аталышындагы конференцияда сүйлөдү.

"Биринчиден, чек аралардын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыздашыбыз керек. Ошондой эле Панжшерге да, Кабулга да, жадагалса тышкы күчтөргө да баш ийбеген куралдуу топтордун аракеттерин көзөмөлдөшүбүз керек. Алар өтө коркунучтуу, каалаган тышкы күчтөр бизге каршы колдонушу мүмкүн", — деген Мамытов.

Ал кыргыз-тажик чек арасын бекемдеш керектигин белгилеген.

Афганистандагы шарият мыйзамы Кыргызстанга кандай коркунуч жаратат? Пикир
"Бул жакта абал жакшы эмес. 1998-жылы биздин батальон чыгарылгандан кийин согушкерлерге жол ачылып, аймакка баш бага баштаган. Эгерде чек араны тартипке келтирбесек окуя кайталанып, оор абалга кептелишибиз мүмкүн", — деген Мамытов.

1999-2000-жылдардын жай айларында жүздөгөн террорчу Кыргызстандын түштүгүнө кирип, бир нече айылды басып алган. Эки жылга созулган Баткен окуясын алты мүнөттүк видеоинфографикадан көрүңүз.