Пресс-борбор

Кыргызстанда декреттен чыккан аялдарга жардам берүү пландалууда

Аялдар жети жыл же андан көп убакытка созулган декреттик өргүүгө чыгышат. Натыйжада алар профессионалдык тажрыйбасын жоготуп коюшууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда декреттик өргүүдөн чыккан аялдар үчүн кайра окутуучу жана кайра даярдоочу курстарды ачуу пландалып жатат.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова билдирди.

Кыргызстанда декреттен чыккан аялдарга жардам берүү пландалууда

Анын айтымында, аялдар жети жыл же андан көп убакытка созулган декреттик өргүүгө чыгышат. Натыйжада алар профессионалдык тажрыйбасын жоготуп коюшууда. Буга байланыштуу аялдар ишинде активдүү болушу үчүн бир нече план иштелип жатат. Учурда аялдарды кайра окутуу жана кайра даярдоо боюнча курс ачуунун үстүндө иштер жүрүүдө.

"Тигүүчүлүк, компьютердик билим, SMM же сулуулук индустриясына байланыштуу курстар ачылышы ыктымал", — деди Алканова.

Ал ошондой эле аялдарды иш менен камсыздоо үй-бүлөдөгү бакубатчылыкты арттырарын кошумчалады.