Залкардын элесине арналат. Бишкекте "Үмүт" эл аралык кинофоруму башталды

Бул маданий иш-чара СССРдин эл артисти, кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын бири, режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык XIX кинофоруму башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Аталган маданий иш-чара СССРдин эл артисти, кыргыз кино өнөрүнүн корифейлеринин бири, гениалдуу режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган.

Бул ирет көрүүчүлөр "Адам. Тагдыр. Жашоо" темасы тууралуу тасмаларга күбө боло алат.

Толук метраждуу тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында, ал эми сынакка катыша турчу кыска метраждуу фильмдер Кино үйүндө тартууланмакчы.