Бишкек "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Сарпашев иштен кетти

Сарпашев 2010-жылдан бери "Тазалыкты" тыныгуу менен башкарган. 2019-жылы вице-мэр болууга да жетишип, кайра өз ордуна барган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рысбек Сарпашев иштен кетти. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, Сарпашев иштен кетүү боюнча арызды өз каалоосу менен жазып, мэр Айбек Жунушалиев аны кабыл алган.

Ишкананын жетекчисинин орун басары Айдар Дыйканбаев учурда директордун милдетин аткарып жатат.

Сарпашев "Тазалыкта" 2008-жылдан бери иштеп келген. 2010-жылы муниципалитеттин жетекчиси болуп дайындалган. 2018-2019-жылдары вице-мэр дагы болгон. 2012-2014-жылдары "Тазалыкта" иштеген эмес.