Бишкекте ишкер аялдарды колдоого багытталган бизнес-форум өтүп жатат

Иш-чарага бир нече мамлекеттердин саясатчы айымдары дагы катышууда. Ал эми ишкерлер тажрыйбалары менен бөлүшүп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бүгүн, 21-сентябрда, Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форуму өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Кыргызстанга Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева келген. Ал иш сапарынын алкагында кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышып жатат.

"Өзбекстан парламентиндеги депутаттардын 32 пайызы аялдар. Мамлекеттик саясатта гендердик теңдик камсыздалган. Муну менен катар ишкер аялдарды колдоо максатында мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, атайын каржылоочу банк түзүлгөн", — деди Нарбаева.

Бул иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман, Тажикстандын өкмөтүнүн аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча комитетинин төрагасы Хилалби Курбонзода, Казакстандын парламентинин Эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары катышууда.

Касымалиева биринчи жолу ишкер аялдардын башы биригип, кеңири форматта сүйлөшүү аянты түзүлгөнүнө кубанып жатканын жана натыйжалуу аяктай турганына ишенерин билдирди.

Форумдун катышуучулары аялдардын ишмердүүлүгүн колдоо маселесин көтөрүп, тажрыйбалары менен бөлүштү.