БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөп жатып ЛГБТны коргоого чакырды.
"Биз, баарыбыз, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп турушубуз керек. Алар Чеченстанда же Камерунда, же дүйнөнүн башка бурчунда болобу, эч нерседен коркпой сүйүүсү менен ачык жашашы керек", — деди Байден.
Көп өтпөй Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага Telegram-каналы аркылуу жооп кайтарганын RT жазды.
"Байден ушунчалык акылга сыйгыс билдирүү жасады, жооп катары биздин республикага чакырам. Ал Чечен Республикасына келип бизде жадагалса андай сөз дагы жок экенин көрүп кетсин. Алардын ордуна бизде тооктун күйөөсү бар", — деп жазып, каткырган быйтыкча койгон.
Белгилей кетсек, учурда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы өтүп жатат.